Франциядагы демонстрацияларда чыңалуу азайган жок
Талаштуу пенсия реформасына каршы 1500гө жакын демонстранттар Ренн шаарынын борборунда чогулушту.
Франциянын Ренн шаарында пенсия реформасына каршы демонстрацияга чыккандар менен полициянын ортосунда кагылышуу болду.
Талаштуу пенсия реформасына каршы 1500гө жакын демонстранттар Ренн шаарынын борборунда чогулушту.
Полиция менен демонстранттардын ортосунда кагылышуу болуп жатканда, полиция демонстранттарга көздөн жаш агызуучу газ жана коомдук окуяларга кийлигишүү каражаты менен кийлигишти.
Митингчилер автоунааларды жана таштанды челектерин өрттөп жибергендиктен шаардын борборундагы айрым дүкөндөр зыянга учурады.
Губернаторлук демонстрацияда бир жандарм жарадар болгонун, 11 кишинин кармалганын жарыялады.
Бир тараптан Париж, Лилль жана Лион сыяктуу шаарларда француздар пенсия реформасына каршы көчөгө чыгышты.
Франциянын премьер-министри Элизабет Борне пенсия реформасынан кийин башка реформаларды тездетүүгө чечкиндүү экенин билдирди.
Францияда өкмөттүн пенсия курагын 62ден 64кө көтөрүүнү караган мыйзам долбоорун добуш бербестен кабыл алуу чечиминен кийин 16-мартта массалык демонстрациялар башталган.
Өлкөнүн көптөгөн аймактарында демонстрацияларга күч менен кийлигишкен полиция менен демонстранттардын ортосунда кагылышуулар болуп жатат.
Өлкө боюнча 16-марттан берки нааразылык акцияларында 1000ден ашуун адам кармалды.
Оппозиция менен бийлик реформанын баш мыйзамга туура келер-келбесин аныктоо үчүн Конституциялык кеңешмеге кайрылды.
Кеңеш мыйзам долбоорунун пенсия курагын 64кө көтөргөн беренесин жактырып, 6-беренесин толугу менен же жарым-жартылай четке каккан болчу.
Француздар өлкөнүн бүтүндөй жеринде Кеңештин чечимине нааразылык билдирип көчөгө чыгышты жана Париждеги демонстрацияларда 100дөн ашуун киши кармалды.
Аталган долбоорго Франциянын президенти Эммануэль Макрон кол коюп, расмий гезитте жарыяланды.