Россия Славянск шаарына ракеталык кол салды

Кол салууда 5 кишинин каза болгону, 15 кишинин жараланганы маалымдалды.

1975249
Россия Славянск шаарына ракеталык кол салды

Орус армиясынын Украинанын Славянск шаарына жасаган ракеталык чабуулунан 5 кишинин каза болгону, 15 кишинин жараланганы маалымдалды.

Донецк облусунун Аскердик башкармалыгынын башчысы Павел Кириленко социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө Россиянын С-300 ракеталары менен Славянск шаарына кол салгандыгын айтты.

Кол салууларда 5 имарат жана 5 үйдүн жабыркаганын белгилеген Кириленко кол салууда 5 кишинин каза болгонун, 15 кишинин жараланганын белгиледи.

Бир тараптан Украинанын президенти Владимир Зеленский социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө орустардын Славянскты «ырайымсыздык менен бомбалаганын» белгилеп, «Үйлөрдү аткылашты. Тилекке каршы жарадарлар жана каза болгондор бар»,- деди.  

Россиянын адамдарды өлтүрүү менен чыныгы жүзүн көрсөткөнүн белгилеген Зеленский терроризмдин ар бир көрүнүшү үчүн жооп берерин айтты.

Зеленский жеринде Россиядан эч бир из же башка бир душманды жазасыз калтырбай турганын билдирди.



Тектеш кабарлар