Орус армиясынын Славянскка карата кол салуусунда 9 киши каза болду

Славянск шаарынын Аскердик-Жарандык Башкармалыгынын башчысы Вадим Лиах бул тууралуу соцтармактан маалымат берди.

1975360
Орус армиясынын Славянскка карата кол салуусунда 9  киши каза болду

Орус армиясынын кечээ Украинанын Славянск шаарына жасаган ракеталык кол салууларынан каза болгондордун саны 9га жеткени билдирилди.

Славянск шаарынын Аскердик-Жарандык Башкармалыгынын башчысы Вадим Лиах социалдык медиа эсебинен жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө 14-апрелде шаарга жасалган ракеталык кол салуулар тууралуу маалымат берди.

Лиах кол салуудан улам урандыга айланган бир турак жайдан түнү бир аялдын жансыз денесинин чыгарылгандыгын билдирди. 

Кол салуда каза болгондордун саны 9га жеткенин айткан Лиах жаралуу санынын 21ге жогорулагандыгын белгиледи. 

Орус армиясынын кечээ Славянскиге жасаган ракеталык кол салууларынын натыйжасында 6 кабаттуу үй жана айланадагы кээ бир үйлөр менен унаалар жабыркаган.

Кол салуудан каза болгондор жана жарадарлардын бар экендиги  билдирилген. 

 

 

 



Тектеш кабарлар