Кытай Россияга да Украинага да курал сатпоого убада берди

Чин Ганг : «Кытай кагылышуунун эч бир тарабына курал бербейт, кош функциялуу продукциялардын экспортун мыйзам жана эрежелерге ылайык көзөмөлдөйт",-  деди.

1975331
Кытай Россияга да Украинага да курал сатпоого убада берди
cin gang.jpg

Кытайдын тышкы иштер министри Чин Ганг өлкөсүнүн Россия  - Украина согушунда этият жана жоопкерчиликтүү мамиле жасаганын белгилеп, тараптардын эч бирине курал сатпоого убада берди.

Чин Ганг Кытайга иш сапары менен барган Германиянын тышкы иштер министри Анналена Баербок менен Тяньцзинь шаарында өткөн жолугушуудан кийинки пресс-конференцияда  Кытайдын кагылышууну тынчтык жолу менен чечүүнү жактагандыгын баса белгиледи. 

Өлкөсүнүн курал-жарак жана ок-дарыларды экспорттоодо этият жана жоопкерчиликтүү мамиле кылганын белгилеген Чин Ганг : «Кытай кагылышуунун эч бир тарабына курал бербейт, кош функциялуу продукциялардын экспортун мыйзам жана эрежелерге ылайык көзөмөлдөйт",-  деди.

Украина кризисинде бардык тараптардын сабырдуулук менен аракет кылышы жана чыңалууну арттыра турган кадамдардан алыс болуу менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн колдоо керектигин баса белгилеген Чин Ганг : «Эгерде бир тараптын коопсуздук кызыкчылыктары сакталбаса, кризис жана кагылышуулар сөзсүз болот»,-деди.

Чин Гангдын сөздөрү Пекин администрациясынын Россияга курал сатуу боюнча эң ачык билдирүү болду.

Германиянын министри Баербок да Кытайдын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү катары кагылышууну токтотуу үчүн өзгөчө жоопкерчиликке ээ экенине көңүл буруп : «Чиндин чечүү жолго карата айткандары жакшы бирок эмне себептен Кытайдын ушул кезге чейин агрессор Россияны согушту токтотууга чакырбагандыгына кызыгып жатам",- деди. 

Кытайдан согушту токтотуу үчүн Россиядагы таасирин колдонуусун суранган Баербок  : "Кытайдан Сауд Арабия жана Ирандын ортосунда роль ойногондой Россияны да агрессиясын токтотууга жана кагылышууну тынчтык жолу менен токтотууга көндүрүшүнөн үмүмттүүбүз",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар