Афганистанга коңшу өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери жыйын өткөрдү

Өзбекстан, Иран, Кытай, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Россия  Афганистандын экономикасын өнүктүрүүнүн биргелешкен механизмин түзүү боюнча  макулдашты.

1975043
Афганистанга коңшу өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери жыйын өткөрдү

Өзбекстан, Иран, Кытай, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Россия  Афганистандын экономикасын өнүктүрүүнүн биргелешкен механизмин түзүү боюнча  макулдашты.

Өзбекстандын Самарканд шаарында Афганистанга  коңшулаш Өзбекстан, Иран, Кытай, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Россиянын тышкы иштер министрлеринин 4-жыйыны өттү.

Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары Бахтияр Саидовдун жетекчилигинде  уюштурулган жыйынга Кытайдын тышкы иштер министри Чин Ганг, Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян, Тажикстандын тышкы иштер министри Сиракиддин Мухриддин, Пакистандын тышкы иштер министри Хина Раббани Хар жана Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун басары Вепа Гачиев катышты. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин жолугушуунун жыйынтыгына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, министрлер Аганистандын экономикасын өнүктүрүү үчүн орток механизмдин түзүлүшү боюнча макулдашты.

Афганистандагы эл аралык терроризмге, баңги затын өндүрүүгө жана аткезчилигине каршы күрөштү кеңири талкуулаган министрлер Афганистандагы азыркы кырдаал, өлкөдө инклюзивдик өкмөт түзүү,  аялдардын иштешине жана билим алуу мүмкүнчүлүктөрү менен азчылыктарын укуктарын  коргоо сыяктуу дүйнөлүк коомчулуктун талаптарынын жаңы өкмөт тарабынан орундатылышы  тууралуу темалар кенен түрдө каралды.

Министрлер Афганистандын потенциалынын толугу менен колдонулушунун Орто жана Түштүк Азия нын ортосундагы аймактар аралык карым  - катнаштардын дагы да өнүктүрүлүшүнүн негизги фактору экендигин белгилешти.



Тектеш кабарлар