Малавиде "Фредди" бороонунан каза болгондордун саны көбөйдү

Президент Лазарус Чаквера, бороон-чапкындан келип чыккан кыйроолор жана каза болгондордун саны тууралуу басма сөзгө маалымат берди.

1974190
Малавиде "Фредди" бороонунан каза болгондордун саны көбөйдү

Африканын түштүк-чыгыш жээктерине таасир эткен «Фредди» бороонунан улам Малавиде каза болгондордун саны 1000ге жетти.

Малавиянын президенти Лазарус Чаквера, бороон-чапкындан келип чыккан кыйроолор жана каза болгондордун саны тууралуу басма сөзгө маалымат берди.

Бороондун себебинен каза болгондордун саны 1000ге жеткенин белгилеген Чаквера, жарым миллиондон ашуун кишинин үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгонун айтты.

Чаквера: «Климаттын өзгөрүшүнүн кесепетинен үйлөр, көпүрөлөр, мектептер жана ишканалар талкаланып, жолдор, электр зымдары жана айыл чарба жерлери зыян тартты»,- деди.

Өлкөдө тамеки рыногунун сезонунун баштала турганына көңүл бурган Чаквера, бороондон улам экономикалык ишмердүүлүктүн да үзгүлтүккө учураганын белгиледи.

Мозамбик менен Мадагаскар да бороондон терс таасирленген. Мозамбикте 70ке жакын адам каза болду.

Дүйнөлүк метеорология уюму, февраль айында башталган жана бир айдан ашык убакытка созулган «Фредди» бороонунун тарыхтагы эң узакка созулган бороон болушу мүмкүн экенин жарыялаган.



Тектеш кабарлар