Европа Биримдиги Украинага ок - дары боюнча жардам көрсөтүүнү бекитти

Европа Кеңешинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Украина армиясына колдоо көрсөтүү үчүн Европа тынчтык фонду деп аталган каржылык каражаттардын негизинде 1 миллиард евролук каржы пакети кабыл алынды.

1974558
Европа Биримдиги Украинага ок  - дары боюнча жардам көрсөтүүнү бекитти

Европа Биримдигинин  Европа тынчтык фонду деп аталган каржылык каражаттардын негизинде  Украинага ок-дарыларды колдоокөрсөтүү үчүн 1 миллиард евролук бюджетти бекитти.

Европа Кеңешинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Украина армиясына колдоо көрсөтүү үчүн Европа тынчтык фонду деп аталган каржылык каражаттардын негизинде 1 миллиард евролук каржы пакети кабыл алынды.

Ушундайча Европа Биримдигине  мүчө мамлекеттерге 2023-жылдын 9-февралынан 31-майына чейин  учурдагы запастары же берген буюртмалар аркылуу Украинага берген ок  - дары үчүн кайра  төлөп бере алат.

Бул чара мүчө мамлекеттердин 20-мартта Украинага жыл аягына чейин 1 миллион артиллериялык снаряд жөнөтүү максаты менен жеткирүүнү тездетүүнү жана биргелешкен булактарды алууну көздөйт.

Бул жардам менен бирге Европа Биримдигинин Европа тынчтык фондунун негизинде Украинага карата жалпы кошкон салымы 4,6 миллиард еврого чыгат. 

 


 



Тектеш кабарлар