ЕБ өлкөлөрүнө мыйзамсыз кирүүлөр өстү

Европа Биримдигинин чек ара коргоо агенттиги Фронтекс билдирүү жасады.

1974442
ЕБ өлкөлөрүнө мыйзамсыз кирүүлөр өстү

Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнө мыйзамсыз кирүүлөр жылдын биринчи чейрегинде өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 26 пайызга өсүп 54 миңге жетти.

Баш кеңсеси Польшанын борбор шаары Варшавада жайгашкан Европа Биримдигинин чек ара коргоо агенттиги Фронтекстин билдирүүсүндө, 2022-жылы чек арага мыйзамсыз киргендердин саны 330 миңге жогорулап, 2016-жылдан берки эң жогорку деңгээлге жеткени эске салынды.

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында кирүү үчүн эң көп колдонулган багыт Борбордук Жер Ортолук деңизи болду. Ушул багыттан 27 миң 651 киши ЕБ өлкөлөрүнө кирди. Бул да өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 305 пайыздык өсүү катары катталды. Кот-д'Ивуар, Гвинея жана Пакистандын жарандары Борбордук Жер Ортолук деңиз багытынан эң көп мыйзамсыз өткөндөр болду.

Экинчи багыт болгон Батыш Балкандардан киргендердин саны 22 пайызга азайып 14 миң 858ге жетти. Бул жолду көбүнчө сириялыктар менен оогандар пайдаланышкан.

Үчүнчү орундагы Чыгыш Жер Ортолук деңизинен киргендердин саны 8 пайызга азайып 6 миң 11 болду. Чыгыш Жер Ортолук деңиз багытын эң көп сириялыктар, палестиндер жана оогандар колдонду.

Frontex ЕБ өлкөлөрүнө мыйзамсыз кирүүлөрдүн жылдын биринчи чейрегинде өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 26 пайызга өсүп 54 миңге жеткенин белгиледи.



Тектеш кабарлар