Нетаньяху Рамазан айынын аягына чейин ткол салууларды октотуу чечимин чыгарды

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху фанатик еврейлердин  оккупациядагы Чыгыш Кудста  Месжид  -  и Аксага жасаган кол салууларын Рамазан айынын аягына чейин токтотуу чечимин чыгарды.

1973506
Нетаньяху Рамазан айынын аягына чейин ткол салууларды октотуу чечимин чыгарды

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху фанатик еврейлердин  оккупациядагы Чыгыш Кудста  Месжид  -  и Аксага жасаган кол салууларын Рамазан айынын аягына чейин токтотуу чечимин чыгарды.

Премьер-министрликтин билдирүүсүндө премьер-министр Нетаньяхунун коргоо министри Йоав Галлант, улуттук коопсуздук министри жана коопсуздук бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен өткөргөн жыйында кырдаалга кеңири баа бергени белгиленди.

Билдирүүдө абалга баа берүүдө Батыш Шериа, Кудс жана Месжид-и Акса баш болгон Израилдеги коопсуздук абалына да көңүл бурулганы билдирилди.

Премьер  - министр Нетаньяху жана министрлердин пасха майрамынын  аякташын белгилөө үчүн Месжид  -  и Аксаг жакын Ый дубалына бара турган еврейлердин коргоого алынышы жана ал жакка барган жолдордун коопсуздугун түзүү үчүн керектүү бардык керектүү операциялык күчтөрдү мобилизациялоого буйрук бергени белгиленди.

Билдирүүдө Коргоо министри Галлант, Башкы штабдын төрагасы Герци Халеви, Ички чалгындоо уюмунун башчысы Шин-Бет (Шабак) Ронен Бар жана полициянын башчысы Яков Шабтайдын кеңеши боюнча премьер-министр Нетаньяху «Еврей зыяратчылары жана туристтердин " Рамазан айынын аягына чейин Месжид – и  Аксага  Аксага кирүүсүнө бөгөт коюу чечимин чыгаргандыгы маалымдалды.

Коалициялык өкмөттүн ашкере оңчул өнөктөштөрүнүн бири Улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир премьер-министр Нетаньяхунун чечимине каршылык көрсөттү.

Израиль басма сөзүнүн маалыматына караганда, Бен-Гвир, Аксаны еврей отурукташуучуларга жабуу чечиминин аймакка «тынчтык алып келбей турган олуттуу жаңылыштык» экенин белгилеп, мунун «чыңалууну ого бетер курчута тургандыгын» айтты.

Фанатик еврейлер 5-13-апрель күндөрү Пасха майрамында Аксага чабуулдарды күчөтүштү.

 Бул мезгилде рейд  күтүп жаткан  палестиналыктар Рамазан айында мусулмандарга Месжид  -  и Аксада биримдикке чакыруу салышкан.  



Тектеш кабарлар