Дан коридору келишиминин узартылышы

Песков борбор шаар Москвада журналисттерге актуалдуу темаларга байланыштуу билдирүү жасады.

1973965
Дан коридору келишиминин узартылышы

Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Дан коридору келишиминин Орусияга тиешелүү бөлүгүнүн аткарылбаганын жана келишимди узартуу мүмкүнчүлүгүнүн аз экенин билдирди.

Песков борбор шаар Москвада журналисттерге актуалдуу темаларга байланыштуу билдирүү жасады.

Түркия, Украина, Орусия жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ортосунда 22-июлда Стамбулда кол коюлган Дан коридору келишимин узартуу мүмкүнчүлүгү тууралуу суроого жооп берген Песков, бул келишимдин орус айыл чарба продукцияларын жана жер семирткичтерин ташууга байланыштуу бөлүгүнүн аткарылбагандыгын кабарлады.

Песков: «Келишим толук мөөнөтүнө эмес, 60 күнгө узартылды, анткени бул келишимдин жарымы аткарылган жок, бүгүнкү күндө да аткарылбай жатат. Бул боюнча БУУнун өкүлдөрү демилге көтөргөнүн билебиз, бирок келишимдин экинчи бөлүгү дагы эле аткарылбай эле. Эч бир келишим жалгыз бутуна тура албайт, эки буту менен турушу керек. Мындай учурда (келишимди узартуу) күмөн»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар