Сауд Арабияда жардам кампаниясына чоң кызыгуу көрсөтүлүүдө
Сауд Арабияда королдук үй - бүлөсү өлкөдө уюштурулган жардам кампаниясына 18 миллион 700 миң долларлык жардам берди.
Сауд Арабияда королдук үй - бүлөсү өлкөдө уюштурулган жардам кампаниясына 18 миллион 700 миң долларлык жардам берди.
Сауд Арабиянын расмий кабар агенттиги SPAнын кабарына караганда, «Ихсан мекемеси» тарабынан уюштурулган «Кайрымдуулук үчүн улуттук жардам кампаниясын» король Салман бин Абдулазиз Аль Сауд жана мураскор принц Мухаммед бин Салман жол башчылык кылды.
Король Салман 40 жана мураскор ханзаада Бин Салман 30 миллион риал берген жардам кампаниясынын 70 миллион риал (болжол менен 18 миллион 700 миң доллар) менен башталгандыгы жана алгачкы сааттарда келген жардамдар менен 469 миллион риалга (болжол менен 125 миллион доллар) жеткени белгиленди.
Кампанияны уюштурган Ихсан мекемесинин директору Ибрахим ал-Хусейни өткөн жылдарда да өткөрүлгөн кайрымдуулук үчүн улуттук жардам кампаниясынын үчүнчү бөлүгүнүн Рамазан айынын акыркы 10 күнүнө кирилиши менен башталганын жана айдын аягына чейин улана турган акция үчүн жардамдардын телефон жана интернет аркылуу чогултулганын айтты.
Алгачкы жолу 2021-жылы башталып, 700 миллион риал (болжол менен 186 миллион доллар) чогултулган Кайрымдуулук үчүн Улуттук жардам көрсөтүү кампаниясынын алкагында өткөн жылы 800 миллион риал (болжол менен 213 миллион доллар) жардам чогултулган.
Сауд Аравиянын расмий маалыматына караганда Кайрымдуулук үчүн Улуттук жардам кампаниясынын алкагында чогултулган жардамдардан ушул кезге чейин 4 миллион 800 миң киши пайдаланды.