БУУдан Сомали үчүн чакыруу жасалды

Бириккен Улуттар Уюму  Сомалиде уланып жаткан азык-түлүк проблемасынан улам "кеңири эл аралык колдоого" чакырды.

1973344
БУУдан Сомали үчүн чакыруу жасалды

Бириккен Улуттар Уюму  Сомалиде уланып жаткан азык-түлүк маселесинен улам "кеңири эл аралык колдоого" чакырды.

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш расмий жолугушуулар үчүн барган Сомалинин борбору Могадишодо Сомалинин президенти Хасан Шейх Махмуд менен жолугушту.

Жолугушуудан кийин өткөрүлгөн биргелешкен пресс-жыйында Гутерреш көп убакыттан бери болуп келе жаткан  кургакчылыктан улам Сомалиге «кеңири эл аралык колдоого» чакырды.

Гутерреш Сомалинин террордук кол салуулар менен бирге гуманитардык кризис менен да күрөшүп жатканын белгилеп : "Өлкө кыйынчылыктан улам эл аралык колдоого муктаж",- деди.

Сомалинин президенти Махмуд да сапардын маанисине токтолуп : «Сомали калкынын өлкөдө тынчтык жана боштондуктун түзүлүшү менен кыйынчылыктарды жана проблемаларды жеңип чыга тургандыгына ишенебиз»,- деди.

Сомалиде көптөн бери  болуп келе жаткан кургакчылык жана коопсуздуктан  улам, болжол менен 6 миллион адам "өтө маанилүү" азык-түлүк  маселеси боюнча кыйынчылык тартууда.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар