Грециядагы Лаврион лагеринин жабыла турганы айтылды

Грециянын «Катимерини» гезитинин кабарына караганда, лагерь имараттарынын абалы начар болгондуктан жабылат.

1972001
Грециядагы Лаврион лагеринин жабыла турганы айтылды

Грециянын борбор шаары Афинага жакын жерде жайгашкан жана Түркия «террор уясы» деп эсептеген Лаврион лагеринин жабыла турганы айтылды.

Грециянын «Катимерини» гезитинин кабарына караганда, лагерь имараттарынын абалы начар болгондуктан жабылат.

Лагердеги болжол менен 150 кишинин 100ү Аттика аймагындагы мигранттар лагери жана 50ү Малакаса сыяктуу жакынкы жерлерге жөнөтүлөт.

1940-жылдары курулган лагерь Грециянын Кызыл Крест уюму тарабынан колдоого алынган.

Лавриондо террордук уюм ПКК/ЙПГны символдоштурган чүпөрөктөр жана террордук уюм ПККнын корбашчысы Өжаландын плакаттары илинип, Грецияга баш калкалаган террордук уюмдун айрым жактоочулары көп жылдардан бери баш калкалаганы белгилүү болду.



Тектеш кабарлар