Еврей отурукташуучулар Рамалла жана Ел Бире шаарларында жолдорду жабышты
Күбөлөрдүн айтымында, Бейт Ийл конушунда жашаган ондогон фанат отурукташуучу Рамалла жана Ел -Бире шаарларынын кире бериштерин таш жана контейнерлер менен тосуп, палестиналыктардын өтүшүнө тоскоол болушту.

Ондогон израилдик еврей отурукташуучу оккупациядагы Батыш Шериада Рамалла жана Ел Бире шаарларында жолдорду жабышты.
Күбөлөрдүн айтымында, Бейт Ийл конушунда жашаган ондогон фанат отурукташуучу Рамалла жана Ел -Бире шаарларынын кире бериштерин таш жана контейнерлер менен тосуп, палестиналыктардын өтүшүнө тоскоол болушту.
Израиль күчтөрү еврей отурукташуучуларды коргоо үчүн аймакк жайгашты. Бир тараптан жргиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда еврей отурукташуучулар Батыш Шерианын түндүк чыгышындагы Иордания өрөөнүндөгү палестиналык үй - бүлөлөргө кол салды.
Бир группа еврей отурукташуучу Хумса ет - Тахта айылына кол салып, үйлөргө таш ыргытып, айрым мүлктөрдү өрттөштү.
Фанат еврей отурукташуучулар өткөн түнү Батыш Шериадагы Кефр Касим шаарында палестиналыктардын унааларын өрттөшкөн.
Тектеш кабарлар

Кирбинин сөздөрү социалдык тармактарда реакцияга кабылды
Кирби Ак үйдөгү пресс-брифингде журналисттердин суроолоруна жооп берди.