Палестина жана Египет Израиль полициясынын Месжид-и Аксаны басып кирүүсүн айыптады

Палестинанын Тышкы иштер министрлиги жана Египет окуяны катуу айыпташты.

1970338
Палестина жана Египет Израиль полициясынын Месжид-и Аксаны басып кирүүсүн айыптады

Палестинанын Тышкы иштер министрлиги кечинде Израиль күчтөрүнүн Аль-Акса мечитине жасаган чабуулун айыптады.

Министрликтин жазуу түрүндөгү жарыясында Израилдин бул басып кирүүлөрдү жана кол салууларды «Месжид-и Аксаны убакыт жактан жана мейкиндик жактан бөлүү, Кудсту иудейлештирүү, шаарды көзөмөлгө алуу жана мусулмандарды бул жерден кууп чыгуу аракеттеринин алкагында жасаганы» белгиленди.

Анда,«Биздин элибиздин укуктарына карабастан, Израиль өкмөтү радикал колдоочуларын ыраазы кылууга жана алардын кризисин чечүүгө аракет кылууда. Муну ал-Акса мечитиндеги, Кудстагы жана ыйык жерлердеги учурдагы статус-квого радикалдуу өзгөртүү киргизүү менен чечүүгө аракет кылууда»,делди.

Окуялардын жоопкерчилиги толугу менен жана түздөн-түз Израиль өкмөтүндө экени баса белгиленген билдирүүдө, Месжид-и Акса, Кудс жана шаарда жашаган палестиналыктарга эл аралык коргоону камсыз кылуу үчүн бардык эл аралык платформаларда аракеттердин улана турганы белгиленди.

Бир тараптан Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун аткаруу комитетинин катчысы Хусейн аль-Шейх, Израилдин басып алган Чыгыш Кудстагы Месжид-и Аксага жасаган чабуулдарын токтотуу үчүн аймактык жана эл аралык алкакта чара көрүүгө чакырды.

Хусейн аль-Шейх жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Палестина башкаруучулугунун араб өлкөлөрү жана дүйнөнүн башка өлкөлөрү менен телефон дипломатиясын интенсивдүү жүргүзүп жатканын белгиледи.

«Израиль күчтөрүнүн Масжид-и Аксага жасаган рейди жана намаз окугандарга ырайымсыз кол салуулары аймактык жана эл аралык алкакта чукул чара көрүүнү талап кылууда»,-деп айткан Шейх ыйык жерлерди жана ал жерде сыйынгандарды Израилден коргоо үчүн ар бир адам жоопкерчиликтүү болушу керектигин баса белгиледи.

Ошол эле учурда Египет оккупацияланган Чыгыш Кудстагы Месжид-и Аксага израилдик полициянын кол салуусун айыптоо менен жооп кайтарды.

Египеттин тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө,«Египет Араб Республикасы Израиль полициясынын Масжид-и Аксага жасаган чабуулунун натыйжада Итикафтагы адамдар жана намаз окугандар, анын ичинде аялдар да жарадар болгонун катуу айыптайт»,делди.

Бул кол салуу менен эл аралык мыйзамдар жана салттар бузулганы белгиленген билдирүүдө Израиль бийликтерин кол салууларды тез арада токтотууга чакырык салынды.

Эл аралык коомчулуктун кол салуулардын соңуна чыгышы үчүн керектүү жоопкерчиликти алышы керектиги белгиленген билдирүүдө, Египеттин аймакта ок атышпоого жетишүү аракетин жокко чыгарган сөз болгон чыңалуудан Израилдин жооптуу экени белгиленди.

Билдирүүдө Израилдин ыйык жерлердин купуялуулугун бузган кол салууларынын Палестина калкынын жана бардык мусулмандардын кыжырдануу сезимин арттырганы да баса белгиленди.

Израиль полициясы басып алынган Чыгыш Кудстагы Месжид-и Аксаны түн бир оокумда тинтүүгө алып, Кыбыла мечитине баш калкалагандарга үн бомбалары жана желим капталган ок менен кийлигишип, бул жерден табылгандарды дубинка менен сабаган.



Тектеш кабарлар