Германиянын министринен Европага Кытай чакырыгы

Баербок НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алдында Бельгиянын борбор шаары Брюсселде журналисттерге маалымат берди.

1970410
Германиянын министринен Европага Кытай чакырыгы

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Баербок европалык өлкөлөр коопсуздук маселесинен улам Кытайдан “бир тараптуу көз карандылыгын азайтышы керек” деди.

НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алдында Бельгиянын борбор шаары Брюсселде журналисттерге маалымат берген Бербок, Индо-Тынч океан аймагындагы коопсуздуктун бүгүн карала турган темалардын арасында боло турганын айтты.

«Еевропалык өнөктөштөр катары Кытай менен болгон мамилебизди тобокелчиликтен арылтышыбыз керектигин ачык айтканбыз. Бул Кытайдан бөлүнүү дегенди билдирбейт бирок биз өз коопсуздугубузду эске алуу менен бир тараптуу көз карандылыкты азайтышыбыз керек, ошол эле учурда дүйнө жүзү боюнча өнөктөштөрүбүз менен жалпы коопсуздук маселелерин чечишибиз керек»,-деди.

Кытайдын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү катары тынчтык жана эрежелерге негизделген эл аралык тартип үчүн өзгөчө жоопкерчиликти алганын баса белгилеген Бэербок: «2013-жылы Кытай Украина менен келишимге кол коюп, Украинанын коопсуздугун колдоону убада кылган»,-деди.



Тектеш кабарлар