Британияда мамлекеттик катчыга ашыкча ылдамдыктан улам 6 айга жол кыймылына тыюу салынды
Женрик өткөн жылдын август айында борбор Лондон менен өлкөнүн түндүгүндөгү Лидс шаарын байланыштырган М1 автожолунда саатына 40 миль (болжол менен 65 километр) ылдамдык чегин бузган.
Британияда миграция боюнча мамлекеттик катчы Роберт Женрикке ылдамдыкты ашты деген айып менен 6 айга жол кыймылына тыюу салынды.
Улуттук медиада чыккан кабарларга караганда, Женрик өткөн жылдын август айында борбор Лондон менен өлкөнүн түндүгүндөгү Лидс шаарын байланыштырган М1 автожолунда саатына 40 миль (болжол менен 65 километр) ылдамдык чегин бузган.
Сотто саатына 68 миль (болжол менен 110 километр) ылдамдыкта баратканын мойнуна алган Женрикке Нортгемптондо болгон сотто алты ай унаа колдонбойт жана 1639 фунт стерлинг айып пул салынды.
Женрик 2021-жылы да ылдам айдаганы үчүн 307 фунт стерлинг (болжол менен 7,300 лира) жана 3 айып упайын алган.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.