Боррель: "Финляндия Евробиримдикти НАТОго жакындатты"

Боррель НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынынын экинчи күндүк сессиясына катышуу үчүн барган Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун баш кеңсесинде басма сөзгө билдирүү жасады.

1970403
Боррель: "Финляндия Евробиримдикти НАТОго жакындатты"

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель Финляндиянын кошулуусу менен Евробиримдиктин 27 мүчөсүнүн 22си НАТОнун курамына киргенин билдирип: "Бул Евробиримдикти НАТОго ого бетер жакындатып, бизди биргелеликте күчтүү кылууда",-деди. 

Боррель НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынынын экинчи күндүк сессиясына катышуу үчүн барган Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун баш кеңсесинде басма сөзгө билдирүү жасады.

Европа Биримдигине мүчө 27 өлкөнүн 22синин Финляндия менен бирге НАТО мүчөсү экенине көңүл бурган Боррель: «Бул Евробиримдикти НАТОго ого бетер жакындатып, бизди биргелеликте күчтүү кылууда»,-деди. 

Боррель Швециянын мүмкүн болушунча тезирээк НАТОго мүчө болушун каалагандыгын билдирди.

Евробиримдикке мүчө болгон Австрия, Түштүк Кипр, Ирландия, Мальта жана Швециянын НАТОго мүчөлүгү жок. Швеция жыйындарга былтыркы Мадрид саммитинде алган конок статусу менен катышууда.

Бүгүнкү жолугушууда Украинага колдоо көрсөтүү жолдорун сүйлөшө тургандарын белгилеген Боррель, Азия-Тынч океан аймагынан өнөктөштөр менен өткөрүлө турган жыйында Украинанын маанилүү күн тартип беренелеринин бири болорун маалымдады.

Европа Биримдигинин Кытай менен глобалдык маселелерди чечүүдө кызматташууга чечкиндүү экенин баса белгилеген Боррель, ЕБнин май айында Австралия, Жаңы Зеландия, Япония жана Түштүк Корея менен министрлер жыйынын өткөрө турганын айтты.



Тектеш кабарлар