Мексикада пляжда 4 адамдын сөөгү табылды

Каза болгондордун улуту жана өздүгү тууралуу маалымат берилген жок.

1969686
Мексикада пляжда 4  адамдын сөөгү табылды

Мексиканын курорттук Канкун шаарындагы пляжга жакын жерде төрт адамдын сөөгү табылды.

Каза болгондордун улуту жана өздүгү тууралуу маалымат берилген жок.

Каза болгондор тууралуу жарыя Пуэрто-Морелос шаарында америкалык туристтин бутуна ок тийгенден бир жумадан кийин билдиилди.

Дүйшөмбү күнү прокурорлор биринчи жолу Кукулкан бульварында Канкундун жээгиндеги мейманканалардын биринин жанындагы талаадан үч адамдын сөөгү табылганын билдирди.

Кийинчерээк  ошол эле тилкедеги бадалдардын арасынан төртүнчү дене табылганын жарыялап, каза болгондордун саны төрткө жетти.

Кариб деңизинин жээгиндеги Кинтана-Роо штатынын прокурорлору киши өлтүрүүгө байланыштуу эки шектүүнүн кармалганын жарыялашты.

Киши өлтүрүү фактылары боюнча иликтөө иштери башталып бирок өлүмдүн себептери тууралуу маалымат бериле элек.



Тектеш кабарлар