Грецияда пенсионерлер айлык маяналарынын көтөрүлүшүн талап кылышты
Грециянын борбору Афинада пенсионерлер айлык маяналарын көтөрүүнү талап кылып митингге чыгышты.
Грециянын борбору Афинада пенсионерлер айлык маяналарын көтөрүүнү талап кылып митингге чыгышты.
Эмгек жана социалдык иштер министрлигинин алдына чогулган пенсионерлер премьер-министрликтин имаратына чейин барышты.
Пенсионерлер акыркы жылдардагы кымбатчыдык өзгөчө энергиянын кымбатташына көңүл бурушту.
Айлыктарынын көбөйтүлүшүн талап кылган пенсионерлер Грецияда 2009-жылы башталган экономикалык кризистен мурда колдонулган эки жылдык маяналардын кайра алынышын да талап кылышты.
Лариса шаарына жакын Темпи аймагында 28-февралга караган түнү 57 адам каза болгон поезд кырсыгынан кийин Афинада автобус жана троллейбус жумушчулары бүгүн бардык транспорт тармактарында коопсуздук чараларын көрүүнү жана транспортто колдонулган унааларды алмаштырууну талап кылып, ишин белгилүү сааттарда токтотууну чечишти.
Автобустар менен троллейбустар нөөмөт башталгандан тарта жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00гө чейин иштеген жок. Саат 21:00дөн тарта бардык каттамдардын токтотулары кабарланды.