Пакистан-Израиль мамилелери

Пакистан айтымдарды четке какты.

1968895
Пакистан-Израиль мамилелери

Пакистан Израиль менен дипломатиялык же коммерциялык мамиледе деген айтымдарды четке какты.

Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мумтаз Зехра Белуч, Geo News телеканалына жасаган билдирүүсүндө, Израиль менен дипломатиялык же соода алакалары түзүлдү деген дооматтарга байланыштуу: «Биздин саясатта эч кандай өзгөрүү жок»,-деди.

Соода министрлигинин басма сөз катчысынын билдирүүсүндө да, Пакистан менен Израилдин ортосунда сооданын башталганы жөнүндөгү айтымдардын пропаганда экени белгиленип, «Израиль менен соода алакабыз жок жана муну кылууга ниетибиз да жок»,-деген сөздөр камтылды.

Америкалык жөөт комитети (AJC) 30-марттагы билдирүүсүндө, Пакистан менен Израилдин ортосунда сооданын башталганын жана Пакистандан азык-түлүк ташыган биринчи кеме Израилге жетип, жүктү түшүргөнүн айткан эле.



Тектеш кабарлар