Украина Орусиянын кол салуулары тууралуу билдирүү жарыялады

Башкы штабдын кечээги билдирүүсүндө Орусиянын акыркы суткада Украинага карай 2 ракета жана 25 абадан кол салуу жасаганы белгиленди.

1968507
Украина Орусиянын кол салуулары тууралуу билдирүү жарыялады

Украина орус армиясынын кечээ Донецк жана Луганск облустарынын кээ бир шаарларына жана калктуу конуштарына кол салуулар болгону билдирди.

Башкы штабдын кечээги билдирүүсүндө Орусиянын акыркы суткада Украинага карай 2 ракета жана 25 абадан кол салуу жасаганы белгиленди.

«Орусия бүгүн Украинанын Донецк облусундагы Дружковка шаарынын жарандык инфраструктурасына жана башка калктуу конуштарына баллистикалык ракеталык чабуулдарды жасады»,делген билдирүүдө карапайым калктын арасында жарадар болгондор бар экени айтылды.

Билдирүүдө орус күчтөрүнүн негизги аракеттерин Лиман, Бахмут, Авдийевка жана Маринка багытындагы кол салууларга топтогону, Украина армиясынын акыркы сутка ичинде орустардын 50дөн ашуун кол салуусунун мизин майтарганы белгиленди.

Бахмут, Авдийевка жана Маринкада айыгышкан кагылышуулардын уланып жатканы баса белгиленип, орус армиясынын Луганск аймагынын Креминна шаарынын түштүк аймактарына порт багытындагы кол салууларынын ийгиликсиз болгону белгиленди.

Билдирүүдө Луганск аймагындагы Невске, Дуброва, Белогоровка жана Раздоливка айылдарынын оор куралдар менен бомбаланганы белгиленди.

Билдирүүдө орус күчтөрүнүн Бахмут шаарына чабуулун улантканы белгиленип: «Бирок биздин аскерлер конушту кармап турууну улантууда»,- деп айтылган.

Билдирүүдө орусиялыктардын Донецк облусунун Богдановка айылына ийгиликсиз чабуул жасаганы белгиленип:«Душман күндүз Васюковка, Орихово-Васыльвка, Новомаркове, Бахмут, Иванивске, Часов-Яр, Курдюмовка, Нью-Йорк жана Друживка поселокторуна чабуул койду»,делди.

Орус армиясынын Авдийевка жана Маринка багытындагы кол салууларынын ийгиликсиз болгону белгиленген билдирүүдө, орустардын Шахтерск багытында Донецк аймагынын Победа, Новомихайловка, Угледар жана Вылека Новосилка отурукташуу жерлерине кол салганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар