Тайвань АКШдан ракета алат

Тайвань АКШга буюртма берген 400 Javelin танкка каршы ракетасын бул жылдын ичинде ала тургандыгын билдирди.

1968384
Тайвань АКШдан ракета алат

Тайвань АКШга буюртма берген 400 Javelin танкка каршы ракетасын бул жылдын ичинде ала тургандыгын билдирди.  

Тайвандын CNA кабар агенттигинин кабарына караганда коргонуу булактары 200 ракетанын бул жылдын экинчи жарымында, калган 200 ракетанын 2024-жылы  тапшырылары тууралуу маалымат берди.

2019-жылы июлда АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп мезгилинде   Тайванга 400 Javelin жана 1700 TOW 2B RF танкка каршы ракетасын сатуу боюнча келишим түзүлгөн.

Тайвань армиясы ийинден же жерден атылган ракеталарды аралга карата ыктымалдуу  амфибия операциясында үстү ачык десанттык кайыктарга жана жеңил брондолгон унааларга каршы колдонууну пландап жатат. 

 

 



Тектеш кабарлар