БАЭ менен Израилдин ортосунда кол коюлган келишим
БАЭнин Тель-Авивдеги элчиси Мохаммед Аль Хача Твиттер баракчасынан бул тууралуу билдирди.

Бириккен Араб Эмираттары БАЭ менен Израилдин ортосундагы ар тараптуу экономикалык өнөктөштүк келишими күчүнө кирди. БАЭнин Тель-Авивдеги элчиси Мохаммед Аль Хача Твиттер баракчасынан арабча, англисче жана ивритче келишимдин күчүнө киргени тууралуу билдирүү жасады.
Хачанын билдирүүсүндө : "Бүгүн биз БАЭ менен Израилдин ортосундагы "Ар тараптуу экономикалык өнөктөштүк" келишиминин күчүнө кириши менен жаңы тарыхый бурулуш жерине келдик. Келишим эки тараптуу сооданы, инвестицияны жана мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө эшик ачып, эки өлкөнүн ортосунда кызматташтык доорун баштайт",- деди.
Израил менен БАЭ 2022-жылдын 31-майында "Ар тараптуу экономикалык өнөктөштүк" келишимине кол коюшкан жана келишим БАЭ өкмөтү тарабынан 11-декабрда бекитилген.
Тектеш кабарлар

Франциянын президенти Макрон Эрдоганды куттуктады
Энн-Клэр Лежендре министрликтин жумалык маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.