Александр Лукашенко өзөктүк курал тууралуу маалымат берди

Лукашенко борбор шаар Минсктеги Республика сарайында Беларус элине жана Улуттук Парламентке кайрылуу жасады.

1968243
Александр Лукашенко өзөктүк курал тууралуу маалымат берди

Беларус президенти Александр Лукашенко эгер зарыл болсо, Беларуска тактикалык өзөктүк курал гана эмес, стратегиялык өзөктүк курал да алып келинерин билдирди.

Лукашенко борбор шаар Минсктеги Республика сарайында Беларус элине жана Улуттук Парламентке кайрылуу жасады.

Америка Кошмо Штаттары жана анын жандоочуларынын аракети менен Украинада толук масштабдуу согуш башталганын белгилеген Лукашенко, натыйжада Россия  жана Украина тараптан жарым миллионго жакын адамдын жарадар болгонун, миллиондогон кишинин каза болгонун жана миллиондогон кишинин качкын болгондугун билдирди.

Лукашенко : "Үчүнчү дүйнөлүк согушу өзөктүк өрттөр менен пайда болду",- деди жана Россия  - Украина согушунда ок атышпоонун түзүлүшү керектигин баса белгиледи.

Лукашенко Россия аскердик өнөр жайын толук кубаттуулукта өнүктүрө турган болсо, тынычтыктан сөз кылуунун кыйын болорун айтты.

Лукашенко Россиянын Беларуска тактикалык өзөктүк курал жайгаштыруу планы тууралуу : "Керек болсо Россиянын президенти Путин менен чечим чыгарып, стратегиялык  өзөктүк куралдарды бул жерге алып келебиз",- деди. 

 



Тектеш кабарлар