Владимир Путин тышкы саясат концепциясын бекитти
Путин: «Бүгүн Россиянын жаңыланган тышкы саясат концепциясын бекиткен жарлыкка кол койдум».
Россиянын президенти Владимир Путин өлкөнүн жаңыланган тышкы саясат концепциясын бекиткен жарлыкка кол койду.
Путин борбор шаар Москвада Россиянын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту.
Путин эл аралык аренада радикалдуу өзгөрүүлөрдүн болгонун жана мунун стратегиялык пландоо документтерин карап чыгууга түрткөнүн белгиледи.
Россиянын тышкы саясат концепциясын жаңырткандарын билдирген Путин: «Бүгүн Россиянын жаңыланган тышкы саясат концепциясын бекиткен жарлыкка кол койдум»,-деди.
Путин : "Бул концепт келечекте эл аралык карым - катнаштар тууралуу иштерибиз үчүн күчтүү доктринанын негизи болот",- деди.
Жыйынга катышкан Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да өзгөргөн геосаясий реалдуулуктардын жаңыланган Тышкы саясат концепциясында чагылдырылганын белгилеп: «Бул жерде эл аралык чыңалуунун акыркы 10 жылда болуп көрбөгөндөй деңгээлде болгону белгиленди. Дос эмес мамлекеттердин аракеттери өлкөбүздүн коопсуздугуна жана өнүгүүсүнө коркунуч туудурганы баса белгиленүүдө. Америка Кошмо Штаттары да Россияга каршы линиясын баштаган жана өнүктүргөн өлкө экендиги айтылууда",- деди.
Лавров Батыш өлкөлөрүнүн Россияны алсыздандыруу саясатынын «гибриддик согуш» деп аталгандыгын, Россияга каршы кастык аракеттерге симметриялуу жана асимметриялуу жооп берүүнүн каралганын билдирди.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны 41 миң 802ге жетти
Израилдин Газага 364 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.