Украина : "Орус кол салуулары улантылууда"
Украинанын Башкы штабы орус күчтөрүнүн түн ичинде Чернигов, Суми, Харьков, Донецк, Запорожье жана Херсон облустарындагы калктуу конуштарга чабуул жасаганын билдирди.

Украинанын Башкы штабы орус күчтөрүнүн түн ичинде Чернигов, Суми, Харьков, Донецк, Запорожье жана Херсон облустарындагы калктуу конуштарга чабуул жасаганын билдирди.
Башкы штабдын билдирүүсүндө орус армиясынын 11 ракета, 4 аба абадан кол салуу жана көп стволдуу ракеталык системалар менен 43 жолу аткандыгы белгиленди.
Билдирүүдө : «Душман түнкү сааттарда С - 300 абадан коргонуу системасы Харьков шаарынын жарандык инфраструктурасына 9 ракета атты»,- деп айтылды.
Орус армиясынын абадан кол салууларында колдонгон 10 учкучсуз учуучу аппаратынан тогузунун атып түшүрүлгөндүгү белгиленди.
Кагылышуулардын борборлорунун Билогоровка, Бахмут, Авдийевка жана Маринка экендиги билдирилген маалыматта орустардын акыркы 24 саатта Чернигов, Суми, Харьков, Донецк, Запорожье, Херсон аймактарынын конуштуу аймактарына чабуулдарын улантып жаткандыгы билдирилди.
Харьков облусунун губернатору Олег Синегубов түн ичинде Харьковго 9 ракетанын атылганын, кол салууларда жарандык инфраструктура жана үйлөрдүн жабыркап, 3 кишинин жеңил жаралангандыгын айтты.
Запорижла аймактык губернаторлугунан жасалган билдирүүдө Россиянын аймакка кол салууларынан жарандык инфраструктуранын жабыр тартканы, каза болгон жана жабыркагандардын жок экендиги маалымдалды.