Израиль Дамаскка абадан чабуул жасады
Израилдин Сириянын борбор шаары Дамаскка карата абадан чабуулунда Иран Төңкөрүш Гвардиясы армиясынын бир офицери каза болду.
1968183

Израилдин Сириянын борбор шаары Дамаскка карата абадан чабуулунда Иран Төңкөрүш Гвардиясы армиясынын бир офицери каза болду.
Ирандын жарымы расмий болгон Тесним маалымат агенттиги Төңкөрүш Гвардиясы армиясынын маалыматына таянып берген кабарында Израилдин таңга жуук Дамаскка жасаган чабуулунда Милад Хайдари аттуу офицердин каза болгондугун билдирди.
Аскердик даражасы айтылбаган Хайдаринин Иран тарабынан Сирияга жөнөтүлгөн «аскердик кеңешчилердин» бири экени белгиленди. Төңкөрүш Гвардиясы армиясынын билдирүүсүндө Израилдин чабуулу жоопсуз калбай турганы белгиленди.
Иран Сириядагы Төңкөрүш Гвардиясы армиясынын мүчөлөрүн "аскердик кеңешчи" деп мүнөздөөдө.