Чилиде 6,4 баллдык жер титирөө болду

Жер титирөө Мауле, Биобио жана О'Хиггинс шаарларында да сезилди.

1967754
Чилиде 6,4 баллдык жер титирөө болду

Түштүк Америка өлкөсү Чилиде күчү 6,4 баллга жеткен жер титирөө болду.

Чили университетинин сейсмология боюнча улуттук борборунун маалыматында  эпицентри өлкөнүн Кобкекура шаары болгон 6,4 баллдык жер титирөө жердин 111 чакырым тереңдигинде болгон.

Жер титирөөдө адам өмүрүнө жана материалдык чыгым болгон жок.

Жер титирөө Мауле, Биобио жана О'Хиггинс шаарларында да сезилди. 



Тектеш кабарлар