Зеленский Австриянын парламентине кайрылуу жасады

Зеленский Австриянын Улуттук парламентинин кезексиз сессиясында видеоконференция аркылуу сөз сүйлөдү.

1967513
Зеленский Австриянын парламентине кайрылуу жасады

Украинанын президенти Владимир Зеленский, орус аскерлеринин чегинүүгө аргасыз болгон аймактаргда мина жана тузактарды калтырып кеткендерин, анын да карапайым калктын өлүмүнө же оор жаракат алышына себеп болгонун билдирди.

Зеленский Австриянын Улуттук парламентинин кезексиз сессиясында видеоконференция аркылуу сөз сүйлөдү.

«Бул согуштун айынан биз күн сайын элибизди жоготуп жатабыз»,- деген Зеленский, украин элинин кагылышуулардан гана өлбөгөнүн, орус күчтөрүнөн бошотулган аймактарда да жоготуулар болгонуна көңүл буруп, экинчи тарап жайгаштырып кетен мина жана ушуга окшогон тузактардан карапайым калктын да өмүрү кыйылып же жаралануусунун уланып жатканын белгиледи.

Парламенттин төрагасын жана берки парламентарийлерди өз өлкөсүндө эмне болуп жатканын жакшыраак түшүнүү үчүн көрүп кетүүгө чакырган Зеленский, бейтараптык аскердик жана геосаясий мүнөздө болорун, бирок этикалык бейтараптуулук болбой турганын айтты.

Ал арада Зеленскийдин парламентте сүйлөгөн сөзү өлкөнүн бейтараптыгына доо кетирди деген ашынган оңчул Австриянын Эркиндик партиясынын (АЭП) өкүлдөрү парламенттен чыгып кетишти.

Зеленскийдин сөзүнө нааразы болгон солчул солчулдар парламенттеги орундарында тынчтык жана бейтараптуулук деген баннерлерди таштап кетишти.

Украин лидеринин сөзүнөн кийин сөз алган австриялык депутаттар да ашынган оңчул партиянын мамилесине реакция кылып: «АЭП мындай мамилеси менен Орусиянын досу экенин дагы бир жолу далилдеди жана жасалган иш-аракеттер Москванын талабы менен ишке ашты»,- дешти.



Тектеш кабарлар