Марбург вирусу Экватор Гвинеясында жайылып баратат

Экватор Гвинеясында өлүмгө алып келген Марбург вирусун жуктургандардын саны 13кө жетти.

1967549
Марбург вирусу Экватор Гвинеясында жайылып баратат

Экватор Гвинеясында өлүмгө алып келген Марбург вирусун жуктургандардын саны 13кө жетти.

Экватор Гвинеясынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө вируска чалдыккандардын саны 13кө, каза болгондордун саны 9га жеткени белгиленди.

Эпидемия башталгандан бери бир адам оорудан айыгып, министрлик иликтегендердин саны 825ке жеткендиги маалымдалды.

Вирус Экватор Гвинеясынан тышкары өткөн аптада Чыгыш Африка өлкөлөрүнөн Танзанияда да чыкты.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус кечээ Марбург вирусуна каршы 4 вакцинанын сыноо протоколдору даяр экенин билдирди.

Марбург вирусу биринчи жолу 1967-жылы Германиянын Марбург шаарындагы лабораторияда аныкталган.

Мөмө-жемиш жарганаттары аркылуу жугуучу Марбург вирусу адамдын организминдеги суюктуктар же оорулуу адамдардын контакттары аркылуу тарайт.

Оору жуккан адамдарда ысытма, катуу баш оору, алсыздык, кусуу сыяктуу белгилер капыстан пайда болот, ал эми 7 күндүн ичинде көптөгөн бейтаптарда катуу геморрагиялык симптомдор пайда болот.

Вакцинасы же атайын дарылоосу жок Марбург вирусунун өлүм катнашы 23 пайыздан 90 пайызга чейин өзгөрөт.



Тектеш кабарлар