Малавиде 537 адам өлдү деп жарыяланат

Апааттан болжол менен 143 миң үй зыян тартып, 659 миң кишинин жардамга муктаж экени айтылды.

1967624
Малавиде 537 адам өлдү деп жарыяланат

Малави бийлиги, 676 адамдын өмүрүн алган «Фредди» бороонунда дайынсыз жоголгон 537 кишини издөө иштеринин токтотула турганын билдирди.

Малавинин улуттук апаат башкармалыгынын башчысы Чарльз Калемба басма сөзгө берген маалыматында, 17 күндөн бери изделип жаткан 537 кишини издөөгө үмүттөр азайганын, бул кишилерди өлдү деп жарыялай тургандарын айтты.

Калемба апааттан болжол менен 143 миң үй зыян тартып, 659 миң кишинин жардамга муктаж экенин белгиледи.

Полиция жана армия мүчөлөрү, жер көчкү жана селдерден кыйраган аймактарда бир нече күндөн бери издөө иштерин жүргүзүүдө.

Бороон холера эпидемиясынын жайылышына себеп болот деген кооптонуу менен өлкөдө гигиеналык мобилизация башталды.

Дүйнөлүк метеорология уюму февраль айында башталган жана бир айдан ашык убакытка созулган Фреддинин "тарыхтагы эң узакка созулган бороон" болушу мүмкүн экенин жарыялаган.

Мозамбик менен Мадагаскарга да бороон терс таасирин тийгизди.



Тектеш кабарлар