АКШнын мурдагы Дамаск элчиси Байден башкаруусун ЙПГ боюнча сынга алды
Форд АКШнын ДЕАШты жеңүү үчүн ЙПГга берген колдоонун 2015 – 2019 - жылдары кыска мөөнөттүү пайдасы болгондугун жактады.
АКШнын мурдагы Дамаск элчиси Роберт Форд Жо Байден башкаруусунун ЙПГ террордук уюму тууралуу стратегиясын сынга алды.
АКШ-ПЙД/ЙПГ карым-катнашына баа берген Роберт Форд Вашингтондун Анкаранын Сириядагы коопсуздук маселелерин олуттуу кабыл албаганын айтты. Форд Байден башкаруусунун террордук уюм ЙПГ стратегиясын сынга алып : «Менин оюмча Вашингтондун көпчүлүгү Американын ЙПГ менен болгон мамилеси Түркияны канчалык кыжырдантып жатканын түшүнбөйт»,- деди.
Байден башкаруусунун ЙПГ террордук уюму менен өнөктөштүккө негиз катары көрсөткөн ДЕАШ террордук уюм менен күрөшүүнү «мүмкүн болбогон иш» деп аныктаган Форд АКШнын ДЕАШты жеңүү үчүн ЙПГга берген колдоонун 2015 – 2019 - жылдары кыска мөөнөттүү пайдасы болгондугун жактады.
АКШнын мурдагы Дамаск элчиси Форд, террордук уюм ЙПГ/ПКК карым-катнашына байланыштуу : "ЙПГ менен ПККнын ортосунда чоң айырма жок. Камышлыдагы (Сирия) адамдар бат - бат Кандил диалектисин уккандарын айтышууда. (Ирактын түндүгүндөгү) Кандилден келгенин билебиз",-деди.
АКШ башкаруучулугунун ПКК-ЙПГ карым-катнашын четке кагышын акылсыздык деп мүнөздөгөн Форд Сириядагы америкалык аскерлердин «үйлөрүнө кетиши керектигине» ишенгендигин билдирди.