Орусиянын Стокгольмдогу элчиси министрликке чакыртылды

Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем, Орус элчилигинин сайтында жарыяланган билдирүүнү “ачык таасир көрсөтүү аракети” деп мүнөздөдү.

1967016
Орусиянын Стокгольмдогу элчиси министрликке чакыртылды

Швеция Орусиянын Стокгольмдогу элчисин, НАТОго кошулса Швециянын Орусиянын жооп чараларынын мыйзамдуу бутасына айланаарын жарыялагандан кийин Тышкы иштер министрлигине чакыртты.

Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем, Орус элчилигинин сайтында жарыяланган билдирүүнү “ачык таасир көрсөтүү аракети” деп мүнөздөдү.

Биллстрем швед маалымат агенттиги ТТге берген маегинде, Орусиянын элчиси Виктор Татаринцевдин өлкө НАТОго кошулса Орусиянын жооп чаралары үчүн мыйзамдуу бутага айланат деген билдирүүсүнө байланыштуу Тышкы иштер министрлигине чакыртылганын белгилеп: «Швециянын коопсуздук саясатын өлкөнүн өкмөтү гана аныктайт, башкасы эмес»,-деди.

Швеция жана анын кошунасы Финляндия 2022-жылдын 24-февралында Орусия-Украина согушу башталгандан кийин НАТОго биргелешкен мүчөлүккө арыз берген.

Финляндиянын НАТОго мүчөлүк арызынын бекитүү процесси аяктап жатканда, Швециянын арызы Түркия менен Венгриянын макулдугун күтүүдө.



Тектеш кабарлар