Гутерриш: "Терроризм көптөгөн көйгөйлөрдүн тамыры"

Гутерриш «БУУ менен аймактык уюмдар жана механизмдердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө аркылуу терроризмге каршы күрөш жана зомбулуктун алдын алуу» темалуу жыйынында сөз сүйлөдү.

1966586
Гутерриш: "Терроризм көптөгөн көйгөйлөрдүн тамыры"

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш терроризмдин көптөгөн көйгөйлөрдүн тамыры жана натыйжасы экенин белгиледи.

Гутерриш БУУнун Коопсуздук Кеңешинде «БУУ менен аймактык уюмдар жана механизмдердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө аркылуу терроризмге каршы күрөш жана зомбулуктун алдын алуу» темалуу жыйынында сөз сүйлөдү.

«Терроризм БУУнун Коопсуздук Кеңеши талкуулаган көптөгөн көйгөйлөрдүн тамыры жана натыйжасы болуп саналат» деген Гутерриш терроризмдин саясий, экономикалык жана коопсуздук системаларындагы алсыздыктардан жана туруксуздуктан пайдаланып үстөмдүгүн арттырганын айтты.

Терроризмге байланыштуу Африкадагы абалдын өзгөчө тынчсыздандырганын белгилеген баш катчы, айласыздык, жакырчылык, ачкачылык, негизги кызматтардын жетишсиздиги жана жумушсуздук сыяктуу себептердин террордук топтордун жайылышы үчүн ыңгайлуу шарт түзүүнү улантып жатканын белгиледи.

«Терроризм элди бири-биринен алыстаткандай эле, ага каршы туруу да өлкөлөрдү жакындаштырышы мүмкүн»,- деген Гутерриш БУУнун Коопсуздук Кеңешинин саясий жетекчилиги, жардамы жана санкциялары менен бирге терроризм балээсин токтотуу үчүн Африка өлкөлөрүнүн жанында экенин билдирди.

Гутерриш ошондой эле терроризм менен күрөшүүдө адам укуктарынын аракеттин борборунда болушу керектигин баса белгиледи.

Террорго каршы Африка Биримдиги жана аймактык уюмдар менен тыгыз кызматташтыкта ​​иш алып барышкандарын маалымдаган Гутерриш, Нигерия менен бирге жакында Африканын террорго каршы күрөшү саммитин өткөрө тургандарын кабарлады.

Гутерриш ар бир кадамда фундаменталдык укуктарга баш ийүү менен террор балээсин жок кылуу аракеттеринин уланып жатканын айтты.



Тектеш кабарлар