Греция Израилден ракета системасын сатып алат
Бул билдирүү Улуттук коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынан кийин жарыяланды.
1967037

Греция Израилден Spike NLOS ракеталык системаларды сатып алат.
Бул билдирүү Грециянын премьер-министри Кирякос Мицотакистин төрагалыгы астында өткөн Улуттук коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынан кийин жарыяланды.
Билдирүүдө: «Жыйналышта Куралдуу Күчтөрдүн муктаждыктары үчүн Spike NLOSтин сатып алынышы жактырылды жана берки куралдануу программаларынын жүрүшү тууралуу маалымат берилди»,-деп айтылды.
Жыйында миграция жана токой өртүнө каршы күрөшүү маселелеринин да талкууланганы кабарланды.