Дүйнөлүк банктын Йеменге колдоосу
Дүйнөлүк банктын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Йеменге өлкөдө өнөкөткө айланган «азык-түлүк коопсуздугу жана начар тамактануу» менен күрөшүүнүн алкагында колдоо көрсөтүлөрү белгиленди.

Дүйнөлүк банк, жакырчылык жана жумушсуздук кризисине кабылган Йемендин азык-түлүк коопсуздугун колдоо үчүн 207 миллион доллар берерин жарыялады.
Дүйнөлүк банктын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Йеменге өлкөдө өнөкөткө айланган «азык-түлүк коопсуздугу жана начар тамактануу» менен күрөшүүнүн алкагында колдоо көрсөтүлөрү белгиленди.
Ушул алкакта 207 миллион долларлык кошумча каражат бекитилип, аталган колдоонун Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан грант катары берилери айтылган билдирүүдө, азык-түлүк коопсуздугу жана жетишсиз тамактануу учурлары көбөйгөн аймактарга багытталганы белгиленди.
Өлкөдө кагылышуулар жана азык-түлүк бааларынын инфляциясы менен бирге чырмалышкан көптөгөн кризистерге туш болгон жакыр жана аялуу үй-бүлөлөргө «критикалык колдоо» катары сыпатталган бул кошумча каржаттан 1,8 миллион йемендик үй-бүлөнүн пайдаланышынын күтүлгөнү кабарланды.
Билдирүүдө Йеменде 2023-жылы болжол менен 21,6 миллион кишинин кандайдыр бир гуманитардык жардамга муктаж экендиги, 19 миллион адамдын кризистик же курч деңгээлдеги азык-түлүк коопсуздугуна дуушар болгону айтылды.
Азык-түлүк коопсуздугун колдоо үчүн 2022-жылдын 3-декабрында Дүйнөлүк банктан Йеменге 150 миллион доллар; июль айында да ар кандай тармактарга, анын ичинде саламаттыкты сактоого 150 миллион доллар грант бериле турганы маалымдалган.
Тектеш кабарлар

Ирандын президентинин веб-сайты иштебей калды
Сайт эмне себептен жабылганы белгисиз, тиешелүү органдар азырынча билдирүү жасай элек.