Түркия-Греция мамилелери

Франгояннис Kathimerini гезитине маалымат берди.

1966406
Түркия-Греция мамилелери

Грециянын тышкы иштер министринин Экономикалык дипломатия боюнча орун басары Костас Франгояннис, Түркия менен өлкөсүнүн ортосундагы «позитивдүү күн тартибинин» алкагында кызматташтыкка карай жылыш болгонун айтты.

Франгояннис Kathimerini гезитине берген маегинде, Түркия менен Грециянын биргелешкен иш-аракет планынын 4-позитивдүү күн тартиби жыйыны жана бул жыйындан улам борбор шаар Анкарага сапары тууралуу билдирүү жасады.

Анкарадагы жолугушууларынын жемиштүү болгонун белгилеген Франгояннис: «Позитивдүү күн тартибинин дээрлик бардык аспектилеринде жылыш болгонун чоң канааттануу менен көрдүк»,-деди.

Франгояннис Түркия Республикасынын Президенттигинин инвестициялык кеңсеси менен бул мекеменин Грециядагы окшошу болгон Греция Инвестициясынын (Enterprise Greece) ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу боюнча сүйлөшүүлөрдүн аяктаганын билдирди.

Греция өнөр жайынын башкы катчылыгы менен Чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүү жана колдоо башкармалыгынын (KOSGEB) ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумуна даярдыктардын бүткөнүн белгилеген Франгояннис делегациялардын туризм, соода, технология, байланыш жана транспорт сыяктуу көптөгөн тармактарда иш-аракеттерин аяктаганын маалымдады.

Франгояннис оң күн тартибинин алкагында эки өлкөнүн иш дүйнөсүнүн ортосундагы кызматташтыкка карай кадамдар ташталганын, айыл чарбаны өнүктүрүү, спорт жана айлана-чөйрөнү коргоо сыяктуу темалар боюнча кызматташтыкты арттыруу максатталганын билдирди.

Тышкы иштер министринин орун басары элчи Бурак Акчапар 22-мартта Анкарада грек кесиптеши Франгояннис менен жумушчу жолугушуу өткөргөн болчу.

«Позитивдүү күн тартиби» демилгесинин 4-жыйыны болгон бул жолугушуудан кийин Тышкы иштер министрлиги жыйынга байланыштуу биргелешкен билдирүүнү бөлүшкөн.

Билдирүүдө, кийинки жогорку деңгээлдеги жолугушууда кол коюла турган тиешелүү келишимдерди жыйынтыктоо үчүн негиз түзүлгөнү айтылган.



Тектеш кабарлар