Рафаэль Гросси Запорожьеде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушту

Запорожье АЭСи 2022 - жылдын 24 - февралында Россиянын Украинага чабуулун баштагандан көп өтпөй Россиянын көзөмөлүнө өткөн.

1965843
Рафаэль Гросси Запорожьеде  Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушту

 Бириккен Улуттар Уюмуна  караштуу Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) директору Рафаэль Гросси Запорожье шаарында Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушту.

Гросси жолугушууга байланыштуу социалдык медиа эсебинен : «Мен Зеленский менен бүгүн Запорожье шаарында жолугуп, Запорожье АЭСин жана анын кызматкерлерин коргоо боюнча пикир алмаштым. МАГАТЭнин Украинанын өзөктүк объектилерин толук колдой турганын дагы бир жолу кайталадым. Днепр ГЭСи Запорожье АЭСинин ядролук коопсуздугун камсыз кылуучу системанын маанилуу бөлүгү болуп саналат. Зеленский мага  дамбанын акыркы учурлардагы зыянга учуроосун көрсөттү», - деп билдирди.

Запорожье АЭСи 2022 - жылдын 24 - февралында Россиянын Украинага чабуулун баштагандан көп өтпөй Россиянын көзөмөлүнө өткөн.

Украина менен Россия бири-бирине карата чабуулдар менен бири - бирин атомдук станциянын коопсуздугуна коркунуч келтирүү менен айыптоодо.

БУУ Европадагы эң ири атомдук электр станциясынын айланасындагы кагылышууларды мүмкүн болушунча тезирээк токтотуу керектигин билдирди.

Станция атыла турган болсо,  чексиз сандагы радиоактивдүү заттардын атмосферага тарашынан тынчсыздануулар болууда.



Тектеш кабарлар