Португалияда ислам борборуна кол салуу болду

Кол салууда эки киши каза болду.

1966372
Португалияда ислам борборуна кол салуу болду

Португалиянын борбор шаары Лиссабондо ислам борборунда болгон  бычак менен кол салуудан эки киши каза болду.

Португалиянын Луса кабар агенттигинин полиция булактарына таянуу менен берген кабарына караганда, эртең менен Лиссабондогу ислам борборунда афган тектүү экендиги айтылган бир кишинин жасаган бычактуу кол салуусунда  эки киши каза болду.

Жаралуу экендиги айтылган кол салуучу Санта Мария ооруканасына алып барылды.

Кол салуунун себеби тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

Бир тараптан Португалиянын премьер-министри Антонио Коста полициянын окуяга эрте кийлигишип кол салуучуну  дароо кармагандыгын  билдирди.

 



Тектеш кабарлар