Кения менен Сомалиде сел: 21 адам каза болду
Эки өлкөдө сел жүрдү.
1966387

Кения жана Сомалиде нөшөрлөгөн жамгырдан улам жүргөн селден 21 киши каза болду.
Кениянын Гилгил аймагында таасирдүү болгон селде 3 бала жана 4 аял каза тапты.
Сомалинин түштүгүндө Баардхере шаарындагы сел апаатынан болсо 14 киши көз жумду.
Эки өлкө тең кургакчылыктан улам суунун жетишсиздигинен жапа чегип жатканы менен, кээ бир аймактар жылдын белгилүү мезгилдеринде селден таасирленүүдө.