Франциядагы иш таштоолор жана нааразылык акциялары

Көптөгөн шаарда, өзгөчө борбор шаар Парижде миллиондогон кишинин аянттарга чыгышы күтүлүүдө.

1966371
Франциядагы иш таштоолор жана нааразылык акциялары

Францияда өкмөт парламентте добушка койбостон түз кабыл алган талаштуу пенсия реформасына каршы бир нече секторлор иш ташташты.

Профсоюздардын чакырыгы боюнча массалык иш таштоолордун жана нааразылык акцияларынын онунчусу өтүп жатат.

Көптөгөн шаарда, өзгөчө борбор шаар Парижде миллиондогон кишинин аянттарга чыгышы күтүлүүдө.

Темир жолчулардын иш таштоого колдоо көрсөтүүсү менен Парижге жана анын тегерегине жүргүнчүлөрдү ташыган ар бир эки поезд каттамынан бири токтотулду.

Мунай иштетүүчү заводдун жумушчуларынын иш таштоосунан улам Париждеги станциялардын 29,2 пайызы күйүүчү май тартыштыгын баштан кечирсе, өлкө боюнча бул көрсөткүч 16,3 пайызга жетти.

Жарандык авиациянын башкы директорлугу (DGAC) Париж аэропортторундагы бардык авиакомпаниялардан иш таштоолордун себебинен бейшемби жана жума күнкү каттамдарынын 20-25 пайызын жылдырууну талап кылды.

Ренн шаарында көптөгөн жолдорго орнотулган тосмолордон улам унаа агымы олуттуу түрдө үзгүлтүккө учурады.

Париждеги мейманканалардын жана ресторандардын 95 пайызынын иш таштоо жана нааразылык акцияларынан жапа чеккени белгиленди.

Ички иштер министри Жеральд Дарманин, нааразылык акцияларынан улам 5 миң 500ү Парижде болуп өлкөнүн жалпысында 13 миң полиция жана жандармериянын кызмат кылып жатканын билдирди.

Француз полициясынын пропорционалдуу эмес күч колдонуусуна реакциялар уланып жатканда, Париж полициясынын башчысы Лоран Нуньес Франциянын Акыйкатчысы Клэр Хедонду полициянын демонстрацияларга жасаган жообун көрүү үчүн борбордогу полиция штабынын башкаруу бөлмөсүнө чакырды.

Францияда 16-мартта башталган демонстрациялар өкмөттүн пенсия жашын 2 жылга 62ден 64кө көтөрүүнү камтыган мыйзам долбоорун добуш берүүсүз кабыл алуу чечиминен кийин уланууда.

Өлкөнүн көптөгөн аймактарында демонстрацияларга күч менен кийлигишкен полиция менен демонстранттардын ортосунда кагылышуулар болуп жатат.



Тектеш кабарлар