Песков журналисттерге маалымат берди

Кремлдин басма сөз катчысы, Орусиянын президенти Владимир Путиндин өткөн аптада Беларуста тактикалык өзөктүк куралын жайгаштыраарын жарыялаганын эске салды.

1965738
Песков журналисттерге маалымат берди

Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Батыш өлкөлөрүнүн реакциясынын Беларуста тактикалык өзөктүк куралды жайгаштыруу пландарына таасир этпей турганын айтты.

Песков борбор калаа Москвада актуалдуу маселелерге байланыштуу журналисттерге маалымат берди.

Кремлдин басма сөз катчысы, Орусиянын президенти Владимир Путиндин өткөн аптада Беларуста тактикалык өзөктүк куралын жайгаштыраарын жарыялаганын эске салды.

Батыш өлкөлөрүнүн буга терс реакция кылганына көңүл бурган Песков: «Албетте, бул реакция Орусиянын пландарына таасир эте албайт»,- деди.

Өткөн жылы Түндүк Агым-1 жана 2 жаратылыш газ түтүкчөлөрүндөгү жарылууларга басым жасаган Песков: «Көрсөткүчтөр бул маанилүү инфраструктурага карата ири саботаж жана террордук актынын артында кээ бир мамлекеттер менен жеке кызматтардын турганын көрсөтүп турат»,-деп айтты.

Песков Батыш өлкөлөрүнүн бул теманы жабууга аракет кылып жатканын белгиледи.



Тектеш кабарлар