Израилдин мыкаачылыгы...

Палестинанын расмий агенттиги WAFAдагы кабарга караганда, Израиль күчтөрү Батыш Шерианын чыгышындагы Жерихо шаарындагы качкындар лагерине рейд жүргүздү.

1965830
Израилдин мыкаачылыгы...

Израиль армиясы басып алган Батыш Шериадагы качкындар лагерине жасаган операциясында 2 палестиналыкты жарадар кылып, бир кишини да камакка алды.

Палестинанын расмий агенттиги WAFAдагы кабарга караганда, Израиль күчтөрү Батыш Шерианын чыгышындагы Жерихо шаарындагы качкындар лагерине рейд жүргүздү.

Кабарда Израиль күчтөрүнүн лагерди басып алып, бир үйдү курчоого алып, тургундарга ок чыгарып, көздөн жаш агызуучу газ колдонгону, натыйжада бири бала болгон 2 палестиналыктын жараланганы билдирилди.

Баскында Ваил Авадат аттуу жарандын кармалганы бөлүшүлгөн кабарда Авадаттын эки уулунун да 2023-жылдын 6-февралында лагерге израилдик аскерлер тарабынан жасалган рейд учурунда өлтүрүлгөнү эске салынды.



Тектеш кабарлар