Израилдеги окуялар

Израилде талаштуу сот реформасына каршы массалык нааразылык акциялары уланууда.

1965620
Израилдеги окуялар

Израилде талаштуу сот реформасына каршы уланып жаткан нааразылык акциялары жана иш таштоолордун себебинен борбор калаа Тель-Авивдеги Бен Гурион аэропортунда бардык каттамдар токтотулду.

Израилде талаштуу сот реформасына каршы массалык нааразылык акциялары уланууда.

Израилдеги аэропорт кызматкерлеринин профсоюзу өкмөт соттук жөнгө салууну токтотпогондон кийин иш таштоого чыкканын жарыялады.

Хастадрут профсоюзу Тель-Авивдеги Бен Гурион аэропортунан бардык каттамдар токтотулганын жарыялады.

Израиль басма сөзүндө Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун жасоону пландаган сөзүнүн башкаруучу партиядагы пикир келишпестиктен улам кийинкиге калтырылганы белгиленди.

Израилдин президенти Ицхак Герцог менен АКШ жана башка көптөгөн өлкөлөр каршы чыккан талаштуу сот реформасы; Жогорку Соттун ыйгарым укуктарын чектөөнү, мыйзам чыгаруучу органдын сот чечимдерин жокко чыгарууну жана соттордун тандоодо сот бийлигинин таасирин азайтууну камтыйт.

Реформанын алкагында «премьер-министрди кызматтан алууну кыйындаткан мыйзам долбоору» өткөн бир нече күндөгү парламенттик добуш берүүдө кабыл алынды.



Тектеш кабарлар