Францияда тиркемелерди жүктөөгө тыюу

Коопсуздук үчүн кытайлык интернет платформаларына тыюу салынууда.

1965678
Францияда тиркемелерди жүктөөгө тыюу

Францияда мамлекеттик кызматкерлерге жумуш телефонуна социалдык медиа платформаларын, тасмаларды, оюндарды жана видео сайттарды жүктөөгө тыюу салынды.

Кытай менен Батыштын ортосундагы коммерциялык атаандаштык менен башталган тыңчылык дооматтары уланууда.

Коопсуздук үчүн кытайлык интернет платформаларына тыюу салынууда.

АКШ жана Европа өлкөлөрү кибер тыңчылыктан коркуп, кытайлык Tiktok видео бөлүшүү платформасына тыюу салды.

Франция болсо бул тыюуну бир кадам алдыга таштады.

Өлкөдөгү кызматкерлерге Tiktokту гана эмес, бардык социалдык тармактарды, кино жана видео бөлүшүү сайттарын жана оюн сайттарын жумуш телефонуна жүктөөгө тыюу салынды.

Тыюу салынган тизмеде Netflix сыяктуу кино сайттары, Instagram сыяктуу социалдык медиа сайттары жана Candy Crash сыяктуу оюн сайттары да бар.

Президент Эммануэль Макрон да тыюунун алкагында бул сайттарды жумуш телефонуна жүктөй албайт.

Жетекчилер кээ бир мекемелерге бизнес үчүн чектелген жеңилдиктер берилиши мүмкүн экенин жарыялады.



Тектеш кабарлар