Австралиядагы каржы компаниясына кибер чабуул

Latitude Financial 16-марттагы кибер чабуулда хакерлер тарабынан уурдалган купуя жеке маалыматтар тууралуу билдирүү жасады.

1965709
Австралиядагы каржы компаниясына кибер чабуул

Австралиядагы "Latitude Financial" каржы компаниясынын 8 миллионго жакын адамга таандык маалыматтары кибер чабуулда уурдалды.

ABC Newsтин кабарына караганда, Latitude Financial 16-марттагы кибер чабуулда хакерлер тарабынан уурдалган купуя жеке маалыматтар тууралуу билдирүү жасады.

Билдирүүдө Австралия менен Жаңы Зеландиялык кардарлардын маалыматтарында 7,9 миллион айдоочулук күбөлүк, 53 миң паспорт номуру жана 100гө жакын кардардын айлык финансылык маалыматынын бар экени айтылды.

Мындан тышкары эң акыркысы 2005-жылга туура келген дагы 6,1 миллион маалыматтын уурдалганы кабарланган билдирүүдө, уурдалган өздүк документтерин алмаштырууну каалагандардын чыгымынын кайтарыла турганы белгиленди.

Latitude Financialдын башкы директору (CEO) Ахмед Фахур жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, жеке маалыматтары уурдалгандардан кечирим сурады.

Фахур: «Жабыр тарткан платформаларыбызды оңдоп жатабыз жана жакынкы күндөрдө ишти кайра баштаганда ишке ашырыла турчу кошумча коопсуздук чараларын көрдүк»,-деди.

Кибер коопсуздук министри Клэр О'Нил да Latitude Financialдын чабуулдан жабыркаган кардарлардын келечектеги тобокелдиктерден корголушу үчүн өкмөт менен кызматташып жатканын айтты.

О'Нил кибер чабуулдарга тез чара көрүү үчүн жаңы бөлүмдүн түзүлүүсүнүн пландалганын маалымдады.

Жергиликтүү маалымат каражаттары кибер кол салуулардын курмандыктарынын санынын жарыяланган сандардан көп экенине көңүл бурушту.

Latitude Financial 16-мартта Австралиянын баалуу кагаздар биржасы (ASX) аркылуу хакердик чабуулга кабылганын билдирген.

Latitude Financial хакерлердин болжол менен 330 миң кардардын жеке маалыматтарын уурдаганын кабарлаган.

Маалыматтардын арасында 100 миң айдоочулук күбөлүктүн бар экенин айткан компания, хакерлердин кун талап кылганы тууралуу эч кандай билдирүү жасаган жок.

 



Тектеш кабарлар