Иран АКШны коркутту
Ирандын расмий маалымат агенттиги ИРНАнын маалыматына ылайык, Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңештин басма сөз катчысы Кейван Хосрави Сирияда АКШ менен Иран колдогон күчтөрдүн ортосундагы кагылышууга байланыштуу билдирүү жасады.

Иран АКШ тарабынан Сириядагы базаларга жасалган чабуулдарга дароо жооп берерин жарыялады.
Ирандын расмий маалымат агенттиги ИРНАнын маалыматына ылайык, Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңештин басма сөз катчысы Кейван Хосрави Сирияда АКШ менен Иран колдогон күчтөрдүн ортосундагы кагылышууга байланыштуу билдирүү жасады.
Америка күчтөрүнүн Сирияда болушунун мыйзамсыз экенин айткан Хосрави : «АКШ Иранга каршы жалган айыптоолорду айтууда»,-деди.
АКШнын акыркы күндөрдө Сирияны туруксуздаштыруу үчүн иш-аракеттерин күчөткөнүн айткан Хосрави:«АКШнын Сирия менен Иракта саясий максаттарды ишке ашыруу үчүн прокси курал катары ДЕАШты түзүү жана колдоодогу ролу баарына түшүнүктүү. Акыркы эки күндө Америка тик учактары Сириядагы туруксуздукту күчөтүү үчүн бир нече учууларды жасап, ДЕАШ террористтерин бул өлкөнүн аймагынан (башка аймактарга) багыттады»,-деп айтты.
Сирияда Иран колдогон топтордун кечээ күнү Хасака провинциясында АКШ жетектеген коалициянын объектисин учкучсуз учуучу аппарат менен аткылап, бир америкалык келишимдүү персоналдын каза болушуна, 5и аскер болгон 6 кызматкер жаралануусуна алып келгенин белгилеген. Кол салуудан кийин АКШ Иран колдогон топтордун базаларына сокку урду.
Сириянын чыгышындагы Дейр-эз-Зор провинциясында Иран колдогон топтор АКШ күчтөрү жайгашкан Омар мунай жана Кунико газ кенине жана анын айланасына ракеталык чабуулдарды жасашты. Америкалык күчтөр да ракеталар келген тарапка артиллерия жана ракета менен жооп кайтарды.
Тектеш кабарлар

Песков: «Эрдоган менен Путин жакынкы аралыкта жолугушат»
Дмитрий Песков борбор шаар Москвада журналисттердин суроолоруна жооп берди.