Францияда расисттик кол салуулар көбөйүүдө
Ички иштер министрлигинин алдындагы статистика кызматы-SSMSI, Францияда 2022-жылы расизм, дин жана ксенофобия иштери боюнча отчетун жарыялады.

Францияда 2022-жылы расисттик жана динге каршы кол салуулар мурунку жылга салыштырмалуу көбөйдү.
Ички иштер министрлигинин алдындагы статистика кызматы-SSMSI, Францияда 2022-жылы расизм, дин жана ксенофобия иштери боюнча отчетун жарыялады.
Отчетко караганда, өлкөдө социалдык климаттын начарлоосу уланууда.
2022-жылы Францияда расисттик, ксенофобиялык же динге карай кол салуулар 2021-жылга салыштырмалуу 5 пайызга өстү жана жалпысынан 12 миң 600 кылмыш катталды, алардын көбү мазактоо, чагымчылдык жана жалаа жабуу болду.
Расисттик кол салууларга кабылгандардын көбү 25 жаштан 54 жашка чейинки африкалык тектүү адамдар.
Кол салууга катышкандар жалпысынан жапа чеккендерден улуураак болгону менен, кол салууга дуушар болгондордун басымдуу бөлүгү аялдар экени көңүлдү бурган.
Өлкөдө басмырлоочу жана расисттик кол салуулар көбүнчө борбор шаар Париж жана анын чет жакасындагы Сен-Сен-Дени жана Бас-Рин аймагы жайгашкан жерлерде байкалууда.
Тектеш кабарлар

Песков: «Эрдоган менен Путин жакынкы аралыкта жолугушат»
Дмитрий Песков борбор шаар Москвада журналисттердин суроолоруна жооп берди.