Франция дагы бир чуулгандуу жосунду баштады

Франция Сенатында өткөрүлгөн иш-чарага негизин террор уюму ПКК/ЙПГ түзгөн SDG мүчөлөрү чакырылды.

1965194
Франция дагы бир чуулгандуу жосунду баштады

Террордук уюм ПКК/ЙПГ мүчөлөрү Францияда Сенатта коноктолуп, ардак медалы менен сыйланышты.

Франция дагы бир чуулгандуу жосунду баштады.

Франция Сенатында өткөрүлгөн иш-чарага негизин террор уюму ПКК/ЙПГ түзгөн SDG мүчөлөрү чакырылды.

Чуулгандуу кабыл алууга көптөгөн француз сенаторлору жана саясатчылары да катышты.

Террорчуларга Франциянын Сенатында кол чабышты.

Сөз сүйлөөлөрдө террордук уюмдун аракеттери бааланып, ДЕАШ деп аталган террордук уюм менен күрөшүүдө ПКК/ЙПГга колдоонун улана турганы билдирилди.

Андан дагы Франциянын Сенаты террордук уюм ПКК/ЙПГ мүчөлөрүнө ардак медалдарын тапшырды.

Түркиянын Париждеги элчилиги кабыл алууга каршылык көрсөттү.

Чуулгандуу окуядан кийин Франциянын Сенаты менен Франциянын Тышкы иштер министрлигине карата киришүү башталды.



Тектеш кабарлар